Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Түркияда шайлоонун экинчи туру 28-майга белгиленди


Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 28-майда өтө турганы расмий жарыяланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер билдирди.

14-майдагы шайлоонун жыйынтыгында азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган 49% көбүрөөк добуш алды. Анын негизги атаандашы, оппозициялык блоктон ат салышкан Кемал Кылычдароглуну шайлоочулардын 45% жакыны колдоду. АТА альянсынан чыккан Синан Оганды колдогондор 5% көбүрөөк болду. Ал эми шайлоонун алдында жарыштан чыгарын жарыялаган Мухаррем Инже 1% жетпеген добуш топтоду.

Буга чейин талапкерлер шайлоочуларга кайрылып, шайлоо экинчи айлампага калганын билдиришкен.

Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG