Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

ЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты иштелип чыкты 


Кыргызстанда иштеген журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда иштеген журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун бешинчи вариантын сунуштады. 56 беренеден турган документте буга чейин медиа коомчулук каршы чыккан талаптар дагы деле калтырылганы белгилүү болду.

Долбоордо веб-сайттар Санариптик өнүктүрүү министрлигинен тармактык маалымат каражаты катары каттоодон өтүүгө милдеттүү экени жазылган. Ал эми Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты болуп каттоодон өтүү үчүн Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине арыз берилери көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдарын, ченемдик укуктук актыларын жарыялаган сайттар ЖМК катары катталбайт.

ЖМК ачылгандан кийин алты айдын ичинде иштеп башташы керек. Бул убакыт аралыгында эч кандай материал чыгырбаса, каттоо күбөлүгү жараксыз болуп калат.

Президенттин администрациясы былтыр ноябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн былтыр декабрда жумушчу топ түзүп президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчи болгон. Андан бери жумушчу топ эки эле жолу жыйынга чогулган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG