Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Украина Бахмутта ондон ашык позицияны кайтарып алганын кабарлады


Бахмут.
Бахмут.

Украинанын Коргоо министринин орун басары Анна Маляр Куралдуу күчтөр Бахмуттун четинде Орусиянын аскерлери ээлеп турган ондон ашык позицияны кайтарып алганын билдирди. Ал украин аскерлери Ивановск районундагы токойдун бир топ бөлүгүн тазалашканын кошумчалады.

Украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк BILD басылмасына берген маегинде Бахмутта башталган контрчабуул бул башталышы гана экенин, Украина үчүн ал каршы чабуулга өтүүдө чоң мүмкүнчүлүк болорун айтты.

“Донецк облусунун ар кайсы аймактарында жылыш бар. Контрачабуул – бул белгилүү бир убакыттын ичинде ишке ашырылуучу иш-аракеттердин сериясы”, - деди ал.

12-майда Орусиялык “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин да Украина контрчабуулун баштаганын билдирген. Ал украин күчтөрү даярдыктан өткөнүн жана тиешелүү курал-жарак менен жабдылганын айткан.

Андан бир аз мурда эле украин президенти Владимир Зеленский Би-Би-Сиге курган маегинде контрчабуулга өтүү үчүн куралдуу күчтөргө дагы көбүрөөк даярдык зарыл экенин кабарлаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG