Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Түркиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Эрдоган алдыда


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулар менен жолугууда.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулар менен жолугууда.

Түркиядагы президенттик шайлоодо добуштардын 84% саналып бүттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда. Ал шайлоочулардын 50,2% колдоосуна ээ болду. Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 44% топтоду.

Анткен менен Кылычдароглу азырынча алдын ала жыйынтыктар менен макул эместигин айтууда.

Түркиядагы эң ири үч шаар - Стамбул, Анкара жана Измирдеги добуштар шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп жибериши ыктымал. Анткени ал аймактарда азырынча добуштардын жарымы гана саналып бүттү.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50% көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

Талдоочулардын пикиринде, 69 жаштагы Эрдоган жеңсе Түркия толугу менен автократияга айланат деген кооптонуу бар.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG