Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:33

Түркияда добуш берүү аяктады


Түркиядагы шайлоодогу добуштарды саноо башталды. 14-май, 2023-жыл.
Түркиядагы шайлоодогу добуштарды саноо башталды. 14-май, 2023-жыл.

Түркияда жекшембиде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады.

Мамлекеттик "Анадолу" маалыматына ылайык, Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер добуш берүү учурунда терс көрүнүштөр катталбаганын, жараян кынтыксыз өткөнүн билдирди. Көз карандысыз байкоочулар өз пикири менен азырынча бөлүшө элек.

Мыйзам боюнча шайлоо тилкелеринде бюллетендерди саноо түнкү 12ге чейин бүтүшү керек.

Президенттик шайлоодо үч талапкер ат салышты. Азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдогандын эң башкы атаандашы оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу болду. Алардан башка АТА альянсынан Синан Оган катышты.

Эгер талапкерлердин бири да добуштардын 50% албаса, алдыңкы экөө 28-майда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасына чыгышат.

"Мамлекет" партиясынын лидери Мухаррем Инже шайлоого үч күн калганда талапкерлигин алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын аты бюллетендерге басылып калганын, шайлоонун жыйынтыгында ал да эсептелерин айткан.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.

Бул шайлоодо өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды.(Elb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG