Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Армения жана Азербайжан лидерлери Брюсселде жолугушту


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Еврокеңештин президенти Шарль Мишель.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Еврокеңештин президенти Шарль Мишель.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев 14-майда Брюсселде жолугушту. Алардын сүйлөшүүсүнө Еврокеңештин президенти Шарль Мишель ортомчулук кылууда. Мишель Пашинян жана Алиевдин ар бири менен өз алдынча эки тараптуу жолугушту.

Эки лидердин жолугушуусунун алдында, 11-12-май күндөрү азери-армян чек арасында атышуу болуп, бул үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. Баку бир аскери мерт болгонун билдирсе, Ереван бир жоокери набыт болуп, бир нечеси жараат алганын кабарлаган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган.

Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG