Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Кенияда "Ыйса пайгамбарга жолугууну көздөгөн" 200дөй киши өзүнө кол салды


Кенияда ачкачылык кармап өлгөндөрдүн сөөктөрүн алып чыгып жаткан учур.
Кенияда ачкачылык кармап өлгөндөрдүн сөөктөрүн алып чыгып жаткан учур.

Кенияда "Ыйса пайгамбарга жолугуу үчүн" ачкачылык кармап, өзүн кыйнап өлтүргөн дагы 22 кишинин сөөгү табылды.

Ушуну менен өзүн кыйнап жанын кыйгандардын саны 201ге жетти. Маалыматтарга караганда, аларга жеке сектанын Пол Маккензи аттуу башчысы жакында акыр заман болорун айтып, "Ыйса пайгамбарга жолугуу үчүн ачкачылык кармап, жанын кыюуну" буйруган. Дагы 600 кишинин дайыны белгисиз. Арасында өспүрүмдөр да бар.

Маккензи өткөн айда камакка алынган. Ага террорчулукка байланыштуу айыптар тагылары күтүлүүдө. Сөөктөрдүн көбү ага караштуу жер аянтына жапырт көмүлгөн. Маккензи "Ыйса менен жолугушууга миңдей адам кеткенин" полицияга айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG