Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Иранда жумушчулардын иш таштоосун "жетектегендер" кармалды


Иранда айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылып иш таштаган жумушчулар.
Иранда айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылып иш таштаган жумушчулар.

Иран бийлиги өлкө түштүгүндө газ обьектисинде жумушчулардын иш таштоосун "жетектеген" деген айып менен сегиз кишини камакка алды. Бул тууралуу 14-майда жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

"Чалгын кызматтары "Түштүк Парс" долбоорундагы жумушчулардын иш таштоосун жетектеген сегиз негизги лидерди кармашты", - деген жергиликтүү губернатордун орун басары Акбар Пулат.

Түштүк/Түндүк Парс -дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ кору жайгашкан жер. Ал жерде 28 трлн. метр куб газ жана 7 млрд. тонна мунай кору бар. Түштүк Парс Иранга караса, Түндүк Парс Катарга карайт. Түштүк Парста 40 миңдей киши эмгектенет.

Апрель айында алардын төрт миңдейи айлык акыны көбөйтүү жана жумуш шарттарынын жакшыртууну талап кылып иш таштаган.

2022-жылы Иранда маянанын жогорулашын талап кылып мугалимдер, автобус айдоочулары нааразылык акцияларын уюштурган. Алардын көбү күч менен таратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG