Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Түркияда добуш берүү башталды


Шайлоо тилкеси. Стамбул шаары.
Шайлоо тилкеси. Стамбул шаары.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет.

Президенттикке төрт талапкер ат салышууда. Негизги талапкер катары учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглунун ысымы аталууда. Сурамжылоолордун көбүндө Кылычдарголу бир нече пайыз алдыда.

Шайлоого үч күн калганда Мухаррем Инже талапкерлигин алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын аты бюллетендерге басылып калганын, шайлоонун жыйынтыгында анын аты да эсептелерин айткан.

Төртүнчү талапкер теги азербайжандык, АТА альянсынан Синан Оган.

Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, ал эми Кемал Кылычдароглу Анкара шаарында добуш берери күтүлүүдө.

9-майга чейин чет өлкөдө ачылган 73 шайлоо тилкесинде 1,7 миллион түркиялык добуш берген. Кыргызстанда жашаган түркиялыктар 5-6-7-май күндөрү шайлоого добуш берди. "ТРТ Аваз" телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG