Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Зеленский Римге барды, Германия Украинага 3 млрд. долларлык жардам берерин жарыялады


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелони. Рим, 13-май, 2023
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелони. Рим, 13-май, 2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-майда Римге барды.

Зеленскийдин Италияга сапары Орусия учкучсуз учактардан Киевге кайрадан сокку урган жана Украинанын борбордук жана түштүгүндөгү шаарларды аткылаган учурга туш келди. Ошол эле учурда бир нече айдан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Бахмутта Украинанын ийгиликтери тууралуу маалыматтар айтылууда.

Ишемби күнү Зеленскийди Италиянын президенти Сержио Маттарелла өзүнүн резиденциясында кабыл алып, "биз толугу менен сиз тараптабыз" деген.

Мындан сырткары украин лидеринин премьер-министр Жоржиа Мелони жана Рим папасы Фиранциск менен жолугушуусу пландалган. Зеленский Италияга жана Ватиканга сапары тууралуу "Украинанын жакындап келаткан жеңиши үчүн маанилүү" деп Твиттерге жазды .

Өткөн айда Рим папасы Франциск Ватикан Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтыкты орнотуу миссиясына катышып жатканын билдирген.

Ушул эле күнү Германия Киевге Орусиянын басып киргенден бери рекорддук аскердик жардам пакетин жарыялады. 3 млрд. долларлык аскердик жардам украин лидеринин Берлинге ыктымал сапарынын алдында берилүүдө.

"Биз баарыбыз Орусиянын украин калкына каршы коркунучтуу согушу жакын арада токтойт деп үмүттөнөбүз. Бирок тилекке каршы бул токтобой жатат", - деп айтылат Германиянын коргоо министри Борис Писториустун билдирүүсүндө.

Аскердик жардамга Marder согуштук унаасы, 30 Leopard-1 танкы, 15 даана Gepard зениттик-артиллериялык комплекси, 200 чалгындоочу учкучсуз учак, ок-дарылары бар төрт кошумча Iris-T зениттик системасы, кошумча артиллериялык ок-дарылар жана 200дөн ашык брондолгон аскердик жана логистикалык машиналар кирет.

14-майда Германиянын Аахен шаарында Зеленскийге Карл сыйлыгы ыйгарылат деп күтүлүүдө. Ал аземге өзү катышары, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу үчүн Берлинге барары азырынча белгисиз.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев көптөн күткөн контрчабуулга даярданып жаткандыктан, аскердик жардамды мүмкүн болушунча тезирээк жеткирүүгө чакырды. 13-майда Швецияда Евробиримдиктеги кесиптештери менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Кулеба Украинага тез арада курал-жарак жеткирүү керектигин айтты.

13-майга караган түнү орус күчтөрү кайрадан Украинага чабуул жасап, кеминде 14 киши жараат алып, имараттар, турак үйлөр зыян тартты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG