Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

“Илимдеги кыздар” долбоору аймактарда уланат


 "Илимдеги кыздар" долбооруна арналган жыйын. 
"Илимдеги кыздар" долбооруна арналган жыйын. 

Өспүрүм кыздарды илимге тартып, алдыңкы технологияларга кызыктырууну максат кылган долбоордун экинчи баскычы эки жылга созулуп, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарында тандалып алынган 50 пилоттук мектеп менен ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу бүгүн 12-майда Бишкекте "Илимдеги кыздар" долбооруна арналып өткөн жыйында айтылды.

Аталган долбоордун алкагында илим, технология жана креативдүү тармактарда ийгилик жарата алган белгилүү айымдар 7-11-класстын окуучуларына менторлук кылышат.

Программанын 2020-2022-жылдарга созулган биринчи баскычында Чүй жана Ош облусундагы 81 мектептен тандалып алынган 2600 кыз ментор айымдар менен иштешти. Дагы 444 кыз долбоордун каржылоосу менен жалпы республикалык тестирлөөгө үч ай даярдык көрдү.

Долбоорду ЮНИСЕФ уюму “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырууда. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG