Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:16

Конституциялык сот Баш мыйзамды өзгөртүү долбооруна корутунду берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбооруна корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган сот кабарлады жана өтүнүч өндүрүшкө алынганын билдирди.

"Мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин VII чакырылышынын 61 депутаты даярдаган. Документ парламенттин расмий сайтына 2022-жылдын 20-октябрында коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган. Депутаттык топ бул мыйзам долбооруна Конституциялык соттун корутунду беришин суранууда",-деп жазылган маалыматта.

Былтыр октябрда коомдук талкууга коюлган бул мыйзам долбоорунда балдарга карата зордук-зомбулукка баргандарды, педофилдерди өлүм жазасына тартуу жобосун киргизүү каралган.

Өлкөдөгү азыркы мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда өлүм жазасы жок, жазанын эң жогорку чеги – өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жогорку Кеңеште 11-майда Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйында парламент спикери Нурланбек Шакиев Баш мыйзам өзгөрүшү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Мунун алдында парламентте "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын өкмөттү кетирүү сунушунан улам Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алгачкы Конституция 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан берки аралыкта бир нече жолу өзгөртүүгө дуушар болду.

2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү түп-тамыры менен президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG