Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Энергохолдинг жоюлуп, ордуна дирекция түзүлмөй болууда


«Улуттук энергохолдинг» компаниясы жоюлганы жатканын бүгүн 11-майда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ишкананын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди.

Ал кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынганын, азыр көп станциялар курулуп, инвесторлор тартылып жатканын белгилеп, холдинг алдында Электр станцияларын куруу дирекциясы түзүлүп жатканын айтты.

Дирекция, Байгазиевдин айтымында, инвесторлор менен түздөн-түз иштешип, генерация болуучу кубаттуулукту өнүктүрүү менен алектенет:

«Холдинг реорганизация болот. Энергокомпаниялардын «Улуттук энергохолдингге» таандык акцияларынын пакети толук бойдон Энергетика министрлигинин юрисдикциясына өткөрүлүп берилет».

Энергетикалык ишканаларды бириктирип турган мекеме катары 1990-жылдары негизделен холдинг буга чейин 2001-жылы, 2016-жылы да кайра түзүлүп, реформа болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG