Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:32

Султанбаев Жапаровдун Москвада сый тамакка катышпаган себебин айтты


Садыр Жапаров Орусияда 7-9-май күндөрү расмий сапар менен болду.
Садыр Жапаров Орусияда 7-9-май күндөрү расмий сапар менен болду.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Москвадагы эртең мененки сый тамакка кыргыз президентинин катышпаган себебин түшүндүрдү. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Жапаров ошол маалда орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушууга барганын билдирди.

"Садыр Жапаров 8-майда кечинде КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин расмий эмес сый тамагына катышкан. Кийинки күнү параддын аякташы менен кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушууга барды. Бардыгы буга чейин пландалган программа менен өттү",- деди Султанбаев.

Буга чейин орус президенти Владимир Путиндин катышуусундагы сый тамактан тартылган сүрөттөр тараган жана анда Садыр Жапаровдун болбогону ар кандай божомолдорду жараткан.

Садыр Жапаров Орусияда 7-9-май күндөрү расмий сапар менен болду. Анда Путин баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукту жана Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG