Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Чек ара: Баткенде 2021-жылдагы чырда 70тен ашык ишкер жабыр тарткан


Чек ара чырында каза болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы. 29-апрель. 2022-жыл.
Чек ара чырында каза болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы. 29-апрель. 2022-жыл.

Жогорку Кеңеш Баткенде 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан ишкерлерге берилген бюджеттик насыяны жоюу жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Талкуу маалында финансы министринин орун басары Улугбек Календеров 200 миң сомдон насыя 76 адамга берилгенин билдирди.

"Такталган тизмеде 76 адам болгон, алардын арасынан бирөө насыя алуудан баш тарткан. Ишкерлердин ар бири 200 миң сомдон алган. Каражат көмөк көрсөтүү үчүн берилген жана алардын мындан ары дагы колдоо иретинде ал насыяны жоюу маселесин көтөрүп жатабыз".

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров жалпысынан 170 миң доллардай насыя кечилип жатканын белгилеп, чек ара аймактарындагы ишкерлерди колдоодо бул акча аздык кыларын айтты. Чек ара коопсуздугу үчүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү көбөйтүлүшү керектигин билдирди.

2021-жылы 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG