Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

ЕБ санкцияга кирген техникага байланыштуу төрт өлкөгө чара көрүшү мүмкүн


Евробиримдик айрым техниканы санкцияларды айланып өтүп, Орусияга ташылып жатышын токтотуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана Түркияга чара көрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Politico сайты жазды. Андагы маалыматка ылайык, Евробиримдик мындай чараны Орусияга каршы санкциялардын 11-топтомуна киргизиши ыктымал. Буга чейин санкциялар Орусиянын өзүнө гана киргизилип келген.

«Европа биримдиги алгачкы жолу Орусияга санкция салуу тууралуу документке Москвага чектөөлөрдү айланып өтүүгө көмөктөшүп жаткан үчүнчү мамлекеттерди да кошот. Шаркеттин үч дипломаты санкциялар Борбор Азия мамлекеттерине сабак болорун маалымдашкан», - деп жазат Politico.

Азырынча санкциялардын 11-айлампасына Казакстан, Түркия, Кытай жана Өзбекстан дагы кирери тууралуу расмий маалымат чыга элек. Санкциялардын кезектеги айлампасы жакынкы күндөрү кабыл алынат. Ага Орусиянын дагы 72 жараны менен 31 компаниясы кирет.

Батыш мамлекеттери тыюу салынган техника Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Орусияга кирип жатат деп күмөн санашат.

Апрель айынын аягында Кыргызстанга АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод келип кеткен. Алар кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчилери менен Украинага каршы согуш ачканы үчүн Москвага салынган санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотууга байланыштуу жолугушууларды өткөргөн.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид да 26-28-апрель күндөрү Бишкекте болуп? Москвага каршы киргизилген санкцияларды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолукту.

Март айынын аягында болсо Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300% чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшпөшү керектигин айткан.

Ушундай эле эскертүү Казакстанга да берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG