Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

AP: АКШ Украинага 1,2 миллиард долларга аскердик жардам көрсөтөт


Латвиядагы аскердик машыгууга тартылган HIMARS ракеталык системасы. 26-сентябрь, 2022-жыл.
Латвиядагы аскердик машыгууга тартылган HIMARS ракеталык системасы. 26-сентябрь, 2022-жыл.

АКШ Украинага абадан коргонууга дагы 1,2 миллиард долларлык жардам бөлөт. Бул тууралуу расмий Вашингтон 9-майда жарыялай турганын Associated Press агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жардамдын ичине Hawk абадан коргонуу системалары, зениттик каражаттар жана учкучсуз апараттар кирет. Андан тышкары артиллериялык системалар, ракеталар жана курал-жабдык жөнөтүлөт.

Буга чейин 3-майда АКШ бийлиги Украинага 300 миллион долларга аскердик жардам бөлгөн. Ага HIMARS ракеталык системаларына ок-дары, танктарга каршы системалар, миналар, артиллериялык снаряддар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, «жер-аба» классындагы чакан аралыктагы Hydra-70 авиациялык ракеталары кирген.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Андан бери НАТОго мүчө мамлекеттер Киевге коргонууга миллиарддаган долларга аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүп келишет. Кошмо Штаттар жалпысынан 71 миллиард доллардан ашуун каражатка жардам берсе, Британияныкы он миллиарддан ашты, Германия жети миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн.

Буга чейин Орусиянын өкүлдөрү Украинага көрсөтүлгөн Батыштын жардамы тууралуу "анын кесепти жаман болушу мүмкүн" деген комментарий беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG