Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Жапаров менен Путин 21 пункттан турган биргелешкен билдирүү кабыл алышты


Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кремль, Москва. 8-май, 2023-жыл
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кремль, Москва. 8-май, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 8-майда Москвадагы жолугушуунун соңунда кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Президент Жапаровдун сайтына жарыяланган маалыматка караганда, жолугушууда тараптар евразиялык интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташтыкты, аймактык, эл аралык маселелерди талкуулашты. Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик жана аскердик-техникалык тармактардагы кызматташтык өнүгүп жатканы белгиленди.

21 пункттан турган билдирүүдө саясий, соода-экономикалык, банк жана каржы тармагында, гуманитардык, илим, маданият, искусство, маалымат, туризм жана башка багыттарда кызматташууну улантуу жана өнүктүрүү тууралуу жазылган.

Мындан тышкары айлана-чөйрөнү коргоо, түрдүү табигый кырсыктарга, чукул кырдаалдарга каршы күрөшүү, суу-энергетикалык ресурстарды колдонуу жаатында да алака-катышты улантуу жазылган.

Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоодо аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгы белгиленген. Эл аралык терроризмге жана аны каржылоого каршы, диний экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, коррупция, арам акчаны адалдоо, маңзат, аткезчилик жана башка мамлекеттик кызыкчылыкка жана аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратуучу көрүнүштөргө чогуу каршы туруу маселеси камтылган.

Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге ылайык, маалымат коопсуздугун камсыздоодо да кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашты. Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) мүмкүнчүлүктөрүн бекемдеп, натыйжалуулугун жогорулатууга жалпы аракеттенери белгиленген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусияга расмий сапар менен 7-майда барды. Анын сапары Орусия Украинага согуш ачып, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы катаал санкцияларды салган учурга туш келди. Ал 9-майда Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышат. Буга чейин Садыр Жапаров парадга катышкан жалгыз чет өлкөлүк лидер болору айтылган. 8-май күнү Москвадагы Жеңиш парадына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да катышары расмий жарыяланды.

Кремль Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедовду, Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды да Жеңиш парадына чакырган. Алардын баары парадга катышары белгилүү болду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG