Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Мамдуманын депутаты орус паспортун алган мигранттарды согушка тартууну сунуш кылды


Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Матвеев Орусия Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү менен кош жарандык системасынан баш тартууга же кош жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежесин өзгөртүүгө тийиш деп билдирди.

6-майда депутат Телеграм-каналына жыл сайын «орто азиялыктардын армиясы, биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алат, бирок майданга жапырт барбайт. Мекен үчүн түпкүлүктүү элдер, биринчи кезекте орус улутундагылар жанын берүүдө», - деп жазды.

Саясатчы мыйзамга ылайык орус жарандыгын алгандар аскер комиссариатында катталууга тийиш экенин эске салды.

«Алар эмне үчүн мобилизация болбойт? Тажик батальондору кайда? Орто азиялыктардын армиясы куралдуу күчтөрдү эмес, такси айдоочуларынын полкторун, короо жыйнагандардын жана куруучулардын дивизияларын толуктап жатат. Жок дегенде окоп жана блиндаж казууга барышпайт», - деди.

«Озоди» радиосу жазгандай, орус жарандыгын алган канча тажикстандык Украинадагы согушка тартылганы тууралуу расмий статистика жок. Азырынча бир нечеси гана белгилүү. Андан тышкары орус абактарында отуруп, урушка жалданып кеткен 20 чакты тажиктин каза тапканы аныкталган.

Матвеев борбор азиялыктардын согушка тартылбаган себебин иликтөөнү сунуш кылып, мындай кырдаал кош жарандуулук институтунан улам түзүлгөн деп эсептейт.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча быйыл үч айда орус паспортун Тажикстандын 45 миң жараны алды. Эки өлкө ортосунда кош жарандык тууралуу келишим бар.

Эксперттер тажиктердин жапырт орус жарандыгын алуусуна тынчсыздануусун билдиришет. Бул тенденциянын арты кооптуу болушу мүмкүн деп эскертишет. Анткени Москва ал топту өз кызыкчылыгында пайдаланып кетиши ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG