Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

ИИМ: Чүйдө жергиликтүү депутат кылмышка шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 8-майда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Тергөө кызматына Чүйдүн Достук айылынын бир нече тургуну кайрылган.

Алар Пригородное айылдык кеңешинин депутаттарынын бири суу өткөрүп берүүнү убада кылганын, 3,5 миң сомдон чогултуп алганын, ишти аягына сапаттуу чыгарбай, коркутуп-үркүтүп жатканын айтып беришкен.

“Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинин негизинде иш козголду. Ишти Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат”, - деп билдирди ИИМ.

Мекеме шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, андан жабыркаган башка да адамдар болсо арыз менен кайрылуу керектигин эскертти. Ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин, буга чейин башка иштер боюнча да жоопко тартылганы аныкталганын кошумчалады.

Шектүүнүн жактоочулары же тарапкерлери милициянын билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG