Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Түркия Украинага С-400 зениттик ракеталарын берүүдөн баш тартты


Орусиянын С-400 зениттик ракеталык комплекстери.
Орусиянын С-400 зениттик ракеталык комплекстери.

Түркия Украинага Орусиядан сатып алган С-400 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды берүү тууралуу Кошмо Штаттарынын өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы билдиргенин "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. Анын сөзүнө караганда, Анкара мындай өтүнүч улуттук кызыкчылыкка каршы келет.

Былтыр августта Москва Түркияга С-400 зениттик ракеталык комплекстердин экинчи топтомун саткан.

С-400 “Триумф” – алыскы жана орто аралыкка атылчу зениттик ракета. Ал Орусиянын куралдануусуна 2007-жылы кабыл алынган. Москва аны Түркиядан сырткары Кытайга жана Индияга жеткирген, орус аскерлери аны Сириядагы согушта пайдаланган. Москва менен Анкара бул комплекстерди жеткирүү тууралуу келишимге 2017-жылы кол коюшкан. Түркия НАТОнун ичинде бул куралды алган биринчи өлкө болуп калган.

Вашингтон бир нече жолу Анкараны бул комплекстерден баш тартууга чакырып келген. Түркия ага жооп кылып, уюмдун ичиндеги өнөктөш буга окшош куралдарды ыңгайлуу шартта бере алышпаганын жүйө келтирген.

АКШ Түркиянын С-400 системаларын сатып алганына байланыштуу Анкарага өзүнүн F-35 кыргын салуучу (истребитель) учактарын сатуудан баш тарткан жана бир нече түрк аткаминерлерин санкцияга киргизген.

Вашингтон Түркия ушуга чейин алган ракеталык системаларын Украина берсе, Анкарага салынган санкциялар алынарын убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG