Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:59

Ооганстанда мурдагы судьяны атып кетишти


Ооганстандын Гор провинциясы. Архивдик сүрөт
Ооганстандын Гор провинциясы. Архивдик сүрөт

Ооганстандын Гор провинциясында мурдагы судья атып өлтүрүлгөнүн 7-майда жергиликтүү медиа жазды. Маалыматка ылайык, мотоциклчен эки киши Мохаммад Назир Манави мечиттен үйүнө кайтып келатканда ок ачкан. Алар качып кетүүгө үлгүргөн. Кол салууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Жергиликтүү бийлик окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

2021-жылы бийликке кайтып келгенден бери “Талибан” кыймылы бардык мурдагы судьяларды алмаштырган. Кырдаал оорлошкон сайын айрымдары чет жактарга кетүүгө аракеттенүүдө.

Манави ооган өкмөтү тушунда бир нече аймакта судья болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG