Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

Сирия 12 жылдан кийин кайрадан Араб лигасына кошулду


Араб лигасынын жыйыны. Каир, 7-май, 2023-жыл
Араб лигасынын жыйыны. Каир, 7-май, 2023-жыл

Араб мамлекеттери 7-майда Египеттеги жыйында Сириянын Араб лигасына кайтып келишин колдоп добуш берди. Бул тууралуу уюмдун басма сөз катчылыгы билдирди. Буга чейин 22 өлкөнүн башын бириктирген уюмдун жогорку дипломаттары Иорданияда Сириянын мүчөлүгүн калыбына келтирүүнүн жол картасын талкуулашкан. Өлкө 12 жыл мурун, Асад режимине каршы демократиячыл козголоң куралдуу жаңжалга алып келгенде Араб лигасынан убактылуу чыгарылган. 2011-жылдын мартында тутанган жаңжал жарым миллиондой кишинин өмүрүн алды, 23 миллион калктын 50% жер которууга мажбур болду.

Каирдеги чукул жыйын алдында Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Сириядагы кризис тынч жол менен, сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салынышы керек экенин айтты.

Сириянын мүчөлүгү Лиганын Сауд Арабиясында 19-майда өтүүчү саммитинин алдында калыбына келтирилип отурат.

Al Arabiya телеканалы кабарлагандай, Дамаскиден гуманитардык жардамдын чек арадан өтүшүн камсыздоо, качкындардын кайтып келишине шарт түзүү, камактагылардын бошотулушу, оппозиция менен жаңы Конституцияны иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу талап кылынат.

Араб мамлекеттери өз кезегинде Сирияны калыбына келтирүүгө салым кошууну убада кылып, өнөктөштөрдү аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөйт.

Сириянын белгилүү оппозициячыл саясатчысы Йехья Ариди Араб лигасынын кадамына нааразылыгын билдирди.

«Бул Сирия элинин оор абалын жана режимдин өз калкына каршы кылмыштарын көз жаздымда калтырууга тете», - деди ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG