Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Техаста соода борборундагы кол салууда тогуз адам мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарынан анча алыс эмес Аллен шаарчасындагы соода борборунда куралчан киши ок чыгарып, кеминде тогуз адам мерт болду, дагы жети киши жараат алды. Күбөлөрдүн айтымында, кылмышка шектүү кара кийимчен жана ок өтпөс соот кемселчен жүргөн. Өтүп бараткандарды мээлеп туш келди ок чыгарган.

Полиция ал атып өлтүрүлгөнүн, жанында шериктери болбогонун маалымдады. Кабарларга караганда, набыт кеткендердин арасында балдар дагы бар. Ооруканага жеткирилген жети адамдын үчөөнүн абал оор. Соода борборунан жүздөгөн адам эвакуацияланды.

Техастын губернатору Грег Эббот куралдуу кол салууну "айтып бүткүс трагедия" деп атады жана жергиликтүү бийликке болгон жардам көрсөтүлөрүн убада кылды. Полиция окуя болгон жерде болгон жарандарга кайрылып, иликтөөгө кереги тийген видео, сүрөттөрү болсо бөлүшүүгө чакырды.

Аталган штатта жашы 21ден ашкан жарандардын көбү эгер соттолбогон болсо лицензиясы жок тапанча алып жүрүү укугу бар. Техастын мыйзам чыгаруу жыйынын республикачылар көзөмөлдөйт жана алар курал-жарак алып жүрүү эрежелерин катаалдатууга каршы экени белгилүү.

Gun Violence Archive бейөкмөт уюмунун эсебинде, жыл башынан бери АКШда төрт же андан көп адамдын өмүрү кыйылган кеминде 198 учур катталды. Бул соңку жети жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG