Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Лондондо британ падышасы Чарльзды такка отургузуу жөрөлгөсү өтүп жатат


Британ падышасы Чарьз III жана анын жубайы, ханыша-консорт Камилла.
Британ падышасы Чарьз III жана анын жубайы, ханыша-консорт Камилла.

Британиянын борбору Лондон шаарында падыша Чарльз IIIтү такка отургузуу жөрөлгөсү өтүп жатат. Вестминстер чиркөөсүнө падыша жана анын жубайы Камилла, үй-бүлө мүчөлөрү келди.

Би-Би-Синин ырасташынча, Чарльз III 1066-жылдан бери мындай жөрөлгөдөн өткөн 40-монарх болуп калмакчы. Британ падышасынын жубайы Камилла дагы бул күнү ханыша-консорт катары такка отурат.

Аземге 200гө жакын аскер кызматкери түздөн түз катышууда. Андан сырткары миңдей аскер кызматкери жол бойлой кыдырата тизилип турат.

Такка отургузуу жөрөлгөсүнө 200дөн ашуун өлкөдөн 2 миңден көп адам чакырылган. Маалыматтарга караганда, 100дөй өлкөдөн жогорку даражалуу коноктор катышат. Бул салтанатка Орусиянын өкүлдөрү чакырылган эмес.

Вестминстер чиркөөсүндөгү жөрөлгөдөн кийин Чарльз III кайра барган жолу менен Букингем сарайына кайтып келет жана падышанын үй-бүлөсү резиденциянын жанына чогулгандарга балкондон учурашат.

73 жаштагы Чарльз III Улуу Британиянын тарыхында башкаруунун башына келген учурдагы эң улгайган монарх болуп калды. Анын энеси ханыша Елизавета II былтыр 8-сентябрда Шотландиядагы Балморал сепилинде каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG