Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Украина Орусиянын "Кинжал" ракетасы атып түшүрүлгөнүн ырастады


"Кинжал" ракетасы бар кыргын салуучу Миг-31 үлгүсүндөгү учак. Архивдик сүрөт.
"Кинжал" ракетасы бар кыргын салуучу Миг-31 үлгүсүндөгү учак. Архивдик сүрөт.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчылыгы биринчи жолу Орусиянын "Кинжал" ракетасы атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Кол башчы Николай Олещук 3-майдан 4нө караган түнү Patriot системасы менен үндөн бир канча эсе ылдам учкан "Кинжал" ракетасы Киевге жасалган чабуул маалында жок кылынганын ырастады. Ал ошондой эле "душман колдонушу ыктымал болгон маалыматтарды алдын ала жарыялабоого" чакырды.

Мунун алдында украиналык Defense Express басылмасы "Кинжал" атып түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Журналисттер Киевдеги стадиондордун бириндеги ракетанын сыныктарынын сүрөтүн жарыялаган. Анда басылма бул маалыматты ишенимдүү булактардан алганын билдирген.
Defense Express 4-майда Киев шаарынын аскердик администрациясынын "баллистикалык үлгүдөгү" ракета жок кылынган болушу ыктымал деген маалыматына көңүл бурган.

Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчылыгы башында "Кинжал" тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып жаткан.

Москва буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG