Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

COVID-19: ДССУ өзгөчө кырдаал аяктаганын жарыялады


Атайын коргонуучу кийим кийген медициналык кызматкерлер. 2020-жыл, март. Чүйдүн Сокулук району.
Атайын коргонуучу кийим кийген медициналык кызматкерлер. 2020-жыл, март. Чүйдүн Сокулук району.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус же COVID-19 вирусу жайылганда эл аралык деңгээлде жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирди. Мындай чечим 5-майда кабыл алынды.

Кытайда 2019-жылдын аягында башталган мурда белгисиз коронавирус инфекциясынын эпидемиясынан улам 2020-жылдын январында глобалдык алкакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Эпидемия дүйнөгө жайылгандан кийин 2020-жылдын март айында пандемия деп жарыяланган. Көптөгөн өлкөлөр экономикага таасирин тийгизип, жашоо-турмушту чектеген карантиндик чараларды киргизген. Чек аралар жабылып, аба каттамдары токтотулган.

ДССУнун маалыматына ылайык, акыркы үч жылда дүйнөдө 20 миллионго жакын киши оорунун курмандыгы болду. Бул эсепке коронавирус инфекциясы козгогон оорулардан улам көз жумгандар да кирген.

2021-жылы жапырт эмдөө жүргүзүлгөндө каза тапкандардын саны азая баштаган. Дээрлик эки жылдык чектөөлөр 2022-жылы жумшарган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирус жок боло электигин, адамдар андан дагы эле жабыркап жатканын жана инфекция дем алуу органдарынын ооруларынын бири катары кала бериши мүмкүндүгүн белгилейт.

Коронавирус Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталып, расмий эсепте 206 миңден ашуун адамга жуккан. Үч миңдей киши каза тапты. Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, былтыр 1-ноябрда алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG