Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Орусиячыл бийлик Запорожьенин тургундарын "эвакуацияга" мажбурлап жатканы кабарланды


Запорожье облусундагы конуштун салгылаштан кийинки көрүнүшү. Архив.
Запорожье облусундагы конуштун салгылаштан кийинки көрүнүшү. Архив.

Украинанын Запорожье облусунун оккупациялык бийлиги фронтко жакын жайгашкан 18 конуштун тургундарын "эвакуациялоону" жарыялады. Бул тууралуу Орусия дайындаган “губернатордун милдетин аткаруучу” Евгений Балицкий өзүнүн Telegram каналына жазды.

Биринчи кезекте кары-картаңдар, балдар, майыптыгы барлар жана ооруп жаткандар көчүрүлөт. Балицкий аларга облустун башка аймактарынан убактылуу баш калкалоочу жайлар берилерин билдирди. Орусия дайындаган бийлик акыркы кезде аймакта украин армиясы чабуулду күчөткөнүн маалымдады.

Ошол эле маалда "Реальное Запорожье" Telegram каналы Запорожье облусунун оккупацияланган Молочанский жана Токмак райондорунда ата-энелер балдарын калкты көчүрүп жаткан орус жоокерлеринен жашыруунун аракетин көрүп жатканын жазды.

Тургундар белгилегендей, "эвакуацияланган" украиналыктарды алгач Бердянскиге, андан ары Ростов-на-Донуга алып барышат. Балдарын кое бергиси келбегендер коркутууга кабылып жатканын белгилешүүдө.

Өткөн жылдын октябрында Херсон облусунун оккупациялык бийлиги да Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулунун алдында облус борборунун жана калктуу конуштардын тургундарын "эвакуациялоону" жарыялаган. Чыгып кетүүнү каалабагандар орус аскерлеринин коркутуусуна кабылганын айтышкан.

Анда оккупациялык бийликтин карапайым калкты “эвакуациялоосу” 2-ноябрда аяктаган.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн кармоого ордер чыгарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG