Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

ЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын автору "Манас" ордени менен сыйланды


ЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын автору Мурат Укушов"Манас" ордени менен сыйланды. Бишкек. 5-май, 2023-жыл
ЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын автору Мурат Укушов"Манас" ордени менен сыйланды. Бишкек. 5-май, 2023-жыл

Бүгүн, 5-майда Бишкекте Конституциянын 30 жылдыгына арналган иш-чарада Баш мыйзамды реформалоого салым кошкон айрым адамдарга мамлекеттик сыйлык ыйгарды.

Сыйлангандар арасында президентти жана Министрлер кабинетин укук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Андан тышкары Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев, Конституциялык соттун судьясы - Латип Жумабаевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” ардак наамы ыйгарылды. Ал эми мамлекеттик Ардак грамота менен Конституциялык соттун судьясы - Меергул Бобукеева сыйланды.

III даражадагы “Манас” орденин алган Мурат Укушов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси. Аталган мыйзам долбоору жарандык коомдун, укук коргоочулардын жана журналисттердин сынына кабылган.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG