Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Bloomberg: Экинчи даражадагы санкциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө салынышы мүмкүн


Европа Биримдигинин жана Украинанын желектери.
Европа Биримдигинин жана Украинанын желектери.

Евробиримдик экинчи даражадагы санкциялардын механизмин түзүүдө. Анын бутасы Борбор Азия өлкөлөрү болушу мүмкүн экенин Bloomberg агенттиги жараяндан кабардар булактарына таянуу менен билдирди.

"Бул чаранын негизги максаты – үчүнчү өлкөлөрдүн Орусияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу. Эгер бул ишке ашпаса, альянс экинчи кадам катары максаттуу чектөөлөрдү киргизе алат", - деп билдирди Bloomberg.

Агенттик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялар киргизилгенден кийин бул өлкөгө Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Кытай жана башка өлкөлөрдөн бир катар товарлар, атап айтканда, “жарым өткөргүчтөр, интегралдык микросхемалар жана башка технологиялардын импорту кескин көбөйгөнүн белгиледи.

Европа Биримдиги Орусия бул компоненттерди дрондорду жана ракеталарды иштетүү үчүн колдонуп жатканын ырастоодо.

Агенттиктин маалыматына караганда, 19-21-май аралыгында Жапонияда өтө турган “Чоң жетинин” саммитине чейин Европа Биримдигинин ичинде механизмди макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кайсы товарлар жана өлкөлөр экинчи даражадагы санкциялардын тизмесине кире турганы боюнча чечимди шаркеттин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышы керек.

Агенттик бул механизм жакынкы келечекте Кытайга каршы колдонулушу күмөн экенин, бирок анын “негизги багыты” Борбор Азия мамлекеттери жана “Орусиянын түз коңшулары” болорун жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG