Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Москва "Кремлди бутага алуунун" артында АКШ турат деп айыптады


Кремлге "дрондор чабуул койгондогу" видеодон алынган сүрөт.
Кремлге "дрондор чабуул койгондогу" видеодон алынган сүрөт.

Орусия "Кремлге дрондор менен коюлган чабуулдун" артында Кошмо Штаттар турат деп айыптады. Москва шаршембиге караган түнү болгон соккулар орус презденти Владимир Путинди жок кылууну көздөгөнүн, аны Украина ишке ашырганын айтууда. Киев дооматтарды четке кагып, анын армиясы өз жерин гана коргоп жатканын, кошуна өлкөнүн аймагын бутага алууну көздөбөгүн билдирген.

4-майдагы брифингде Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Вашингтон бутаны тандаганын, Украина аны ишке ашырып жатканын айтты. Бирок ал Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү тууралуу айтканын далилдеген фактыларды келтирген жок.

Вашингтон бул айыптоого жооп бере элек.

Шаршембиде Москва түн ичинде эки пилотсуз учак президент Путиндин Кремлдеги резиденциясына сокку урууга аракеттенгенин билдирген. Айрым телеграм-каналдар, анын артынан расмий маалымат каражаттары ошол учур тартылган делген видеону таратышкан.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кремлге ыктымал сокку тууралуу маалыматты бышыктай албасын, орус бийлигинин билдирүүсүн "күмөн саноо менен кабыл алуу керектигин" билдирген.

Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелл Кремлге сокку урулду деген дооматты "согуштун эскалациясы үчүн шылтоо кылып" пайдаланбоого чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG