Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

"Медиахаб" казиного лицензия алгандардын артында Бурханов турарын жарыялады


Али Токтакунов, "Медиа хаб" коомдук фондунун негиздөөчүсү.
Али Токтакунов, "Медиа хаб" коомдук фондунун негиздөөчүсү.

4-майда "Медиахаб" коомдук фонду Кыргызстанда казино иштетүү үчүн уруксат кагазын 1 млн. долларга (84 млн. сом) сатып алган ишкердин артында турган адамдар тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

"Алгачкы казинонун артында Бурханов турабы?" деген иликтөөдө кумаркана иштетүүгө уруксат кагазын биринчилерден болуп бир миллион долларга сатып алган ишкер "Гранд казино" ишканасынын ээси Адилет Абдыманапов аттуу адам болуп чыккан.

"Гугл аркылуу иликтөөлөр жана башка ачык булактардан алган маалыматтарга ылайык, 28 жаштагы Абдыманапов "Гранд казино" ишканасын 2022-жылдын 14-ноябрында каттаткан. Он күн өтпөй, "Ала-Тоо көмүр" деген ишканасын каттаткан. Мындан башка маалыматтар жок. Ушундан улам биз Абдыманапов менен сүйлөшүү үчүн компаниянын номурун иликтедик. Ал номур Канышай Бурканова аттуу айымга таандык болуп чыкты. Бул айымдын "Фейсбуктагы" баракчасындагы достугуна да Бурканов аттуу адамдар көп экен. Бирок ал өзүнүн Арзыбек Буркановго эч кандай туугандыгы да, тааныштыгы да жок экенин айтты", - деп айтылат иликтөөдө.

"Медиахабдын" иликтөөсүндө ишкер Абдыманаповдун артында учурда таасирдүү саналган, президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун карааны турганы аныкталганы айтылат.

Иликтөөдө аты аталгандар азырынча комментарий бере элек. Иликтөөчү журналисттер Буркановдун өзү менен байланыша албаганын белгилешти.

"Азаттыктын" да алар менен байланышуу аракетинен азырынча натыйжа чыга элек.

Бурканов Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү болуп иштеген. Учурда ал Садыр Жапаровдун бейрасмий кеңешчиси деп айтылып жүрөт.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Нурланбек Бурканов анын туугандары экени маалым. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG