Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Киев Кремлге жасалган чабуулга тиешеси жок экенин маалымдады


Кремлге "дрондор чабуул койгондогу" видеодон алынган сүрөт.
Кремлге "дрондор чабуул койгондогу" видеодон алынган сүрөт.

Украинанын президентинин кеңсеси Кремлге дрондор менен жасалган чабуулга Киевдин тиешеси жоктугун билдирди.

"Бизде Кремлге болгон түнкү чабуул тууралуу маалымат жок. Президент Зеленский бир канча жолу айткандай, Украина бардык күч жана каражатын башка аймакка чабуул коюуга эмес, өз аймагын бошотууга жумшап жатат", - деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Сергей Никифоров.

3-майга караган түнү "эки украиналык дрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын" Кремлдин басма сөз кызматы шаршембиде кабарлаган.

Орус медиасы дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын жазган.

Кремл бул чабуулду "пландалган террордук акт" жана "Жеңиш майрамынын алдында президентке кол салуу аракети" деп атады.

"Орус тарап каалаган жерде жана качан жооп чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат", — деп айтылат билдирүүдө.

Москванын мэри Сергей Собянин Орусиянын баш калаасында дрон учурууга тыюу салынганын жарыялады. Бирок бул чектөөнүн = мамлекеттик органдар колдонгон учкучсуз учактарга тиешеси жок.

"Кремлди бутага алды" деген дрондор кандай көлөмдө жана кандай үлгүдө экенин, алар кайдан учурулганын жана Москванын борборуна кандайча багытталганын орус бийлиги азырынча түшүндүрө элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG