Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Евробиримдик соттун "Азаттыкты" жабуу чечимине тынчсыздануусун билдирди


Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Азаттыктын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине байланыштуу 3-майда билдирүү таратты.

Анда өкүлчүлүк медиа мекеменин лицензиясын жокко чыгарган сот чечимин тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирип, жогорку инстанцияны апелляциялык арызды адилеттүү кароого чакырган.

“Өкүлчүлүк эркин, көз карандысыз жана плюралисттик жалпыга маалымдоо каражаттарын сактоо туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн демократия үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

1-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү тараткан.

Ал “кыргыз өкмөтүнүн эркин медиага жасаган одоно чабуулун, “Азаттыктын" ишин токтотуусун айыптай турганын, эркин ЖМКларды чектөө Конституцияга каршы келерин” айткан.

Ага чейин АКШнын мамлекеттик департаменти да кыргыз бийлигине кайрылып, "Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирген. Анда “Азаттыкка” байланыштуу жагдай президент Садыр Жапаровдун сөз жана басма сөз эркиндигин сактоо тууралуу айтканынан шек жаратары белгиленген. Мамлекеттик департамент “Азаттыктын” сот чечимине каршы бере турган арызын кылдат жана калыс кароого чакырган.

Бул кайрылууларга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 3-майда жооп берип, “Азаттыкка” байланыштуу чаралар мыйзам чегинде көрүлгөнүн, сот өз алдынча чечим чыгарганын маалымдады. Ал айтылган сындарды орунсуз деп эсептей турганын, Кыргызстанда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга чектөө жок экенин белгилеп, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. Министрлик январь айында сотко кайрылып, “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын жүйө катары келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин айткан.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG