Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Херсондогу чабуулда үч жай тургун курман болду


Согушта зыян тарткан үй. Херсон.
Согушта зыян тарткан үй. Херсон.

Орус аскерлери 2-майда Украинанын Херсон шаарын жана Белозерье аймагындагы бир канча айылды аткылаганда үч жайкын тургун өлүп, бешөө жарадар болду. Бул тууралуу Херсон облустук прокуратурасы билдирди жана кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын маалымдады.

Баштапкы кабарларга ылайык, Орусиянын аскерлери артиллериялык курал колдонгон жана абадан сокку урган. Жарандык инфраструктура, бир канча турак жай, автоунаалар талкаланган.

Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.

Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG