Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Бахмутта америкалык жана канадалык ыктыярчылар набыт болушту


Кайл Портер жана Коул Зеленко
Кайл Портер жана Коул Зеленко

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эл аралык легионунун ыктыярчылары 26 жаштагы америкалык Купер Эндрюс жана канадалык 27 жаштагы Кайл Портер менен 21 жаштагы Коул Зеленко курман болушту.

Алар 26-апрелде Бахмуттун айланасындагы салгылашууда каза болгонун CBC News жана CNN кабарлады.

CBC News каналынын бейрасмий эсебине ылайык, Украинадагы согушта беш канадалык набыт кетти. АКШ бийлиги беш жараны өлгөнүн билдирген.

Январда Украинанын Соледар шаарында жабыргандарга тамак-аш, дары-дармек жеткирип, карыларды эвакуациялоого жардам берип жүргөн эки британиялык ыктыярчы каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG