Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери чек ара маселесин талкуулашты


Абдикарим Алимбаев жана Ражоббой Ахмадзода. 2-май, 2023-жыл
Абдикарим Алимбаев жана Ражоббой Ахмадзода. 2-май, 2023-жыл

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 2-майда Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода менен жолукту. Жолугушууга булардан тышкары эки облустун чектеш райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Тараптар Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон аймагы чектешкен жерде өткөнүн президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда чек арадагы абал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк тиричиликке байланышкан маселелерди жеринде чечүү тууралуу сүйлөшүү болду.

Мындан тышкары учкучсуз аппараттардын (ДРОН) учушу, сугат сууну пайдалануу, сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо, көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо маселери каралды. Бул маселелер боюнча иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду. Эки тараптуу комиссиянын жолугушуусу 4-майда Лейлек районунун Максат айылында болмокчу.

Облустук бийлик Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч экенин кошумчалады.

Жолугушуу тууралуу тажик тараптын расмий маалыматы чыга элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында түрдүү чыр-чатактар улам кайталанып турат. 2021-жылы 28-30-апрелдеги эки тараптан жалпы 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш жана 2022-жылы 14-17-сентябрдагы эки тараптан жалпы жүздөн ашуун адам курман болгон куралдуу жаңжал катталган. Бул кагылыштар үчүн эки мамлекет бири-бирин айыптаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 чакырымы такталганын эки өлкөнүн президенттери тең билдиришкен. (JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG