Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:35

Дайырбек Орунбеков позитивдүү жаңылыктарга басым жасоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерди өлкөдө болуп жаткан кырсыктар жана кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазуудан карманууга чакырды.

Бүгүн 2-майда ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу жазган кайрылуусунда "Кырсык, кылмыштарды, зарылчылык болуп баратса, кыргыз тилинде, майда шрифт менен, жаңылыктын эң арткы бөлүгүнө жазсак. Дегеле жазбай, таратпай койсок деле мүйүз чыгып кетпейт", - деген оюн айтты.

Мындай өтүнүчүн Орунбеков Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтерди чочутуп албоо ниети менен түшүндүрүп, “Мүмкүн болсо, жагымдуу маалыматтарды чет тилде жарыялап, туристтерди кызыктырсак пайдалуу болот эле”, - деди жана кырсык-кылмыштарды териштирген тиешелүү тармактар “кемчилиги болсо да Кудайга шүгүр иштеп жатышканын” кошумчалады.

Жакында башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 2022-жылы кылмыштуулук мурунку жылга салыштырганда 19,4% өскөнүн билдирген.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын кабарлаган.

Соңку бир нече күндө Кыргызстанда элдин кызуу талкуусун жараткан эки окуя катталды – Нарында жети жаштагы окуучу кыз киши колдуу болду, Таласта уурулукка шектүү кишини жаалданган топ мамыга таңып койгон видео тарады. Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары буга Кыргызстанда мыйзам иштебегени, элде күч органдарына ишеним жоктугу себеп деген ойлорун жазып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG