Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Түштүк Африка бийлиги Путинден БРИКСтин саммитине келбөөсүн өтүндү


Владимир Путин БРИКСтин ТАРда өткөн саммитинде. 2013-жыл.
Владимир Путин БРИКСтин ТАРда өткөн саммитинде. 2013-жыл.

Түштүк Африка республикасынын (ТАР) бийлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин жайында ТАРда өтө турган БРИКСтин саммитине келбөөсүн өтүнүүдө. Буга Путиндин Украинадагы согуш кылмыштарга айыпталып, эл аралык кылмыш сотунун аны камакка алуу боюнча чыгарган ордери себеп болгон. Бул тууралуу Sunday Times басылмасы жеке булактарына таянып жазды.

ТАР Эл аралык кылмыш сотунун чечимин аткарууга милдеттенме алган Рим статутуна кол койгон өлкөлөрдүн катарында.

“Бизде Путинди кармабай коюуга аргабыз жок. Ал бул жакка келсе, кармоого туура келет”, - деди ТАРдын өкмөтүнүн өкүлү.

Sunday Times жазгандай, өткөн аптада ТАРдын президенти Сирил Рамапос Путинди камакка алуу боюнча ордердин чыгышына байланыштуу бийликтин варианттарын изилдеп чыга турган өкмөттүк комитет түзгөн.

Басылманын булагы билдиргендей, комитет Путинди саммитке видео байланыш аркылуу катыштыруудан башка арга таба албай турат. Бийликтеги айрым чиновниктер бул боюнча Москва менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Марттын соңунда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия президентинин Дурбанда өтө турган саммитке катышып-катышпай турганы боюнча азырынча чечим жок экенин айткан.

Түштүк Африка респупбликасы Москва менен ынак мамиледе. Кремль учурунда Африкалык улуттук конгресстин апартеид режимине каршы күрөшүн колдогон.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан бери ТАР Москванын аракетин ачык айыптаган эмес. Ал нейтралдуу позицияны карманарын, согушту токтотуу үчүн диалогго келүүнү жактай турганын билдирген.

Мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди камоо тууралуу ордер чыгарган. Ага негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыгарганына байланыштуу айып коюлган.

БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG