Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Украина: Орусиянын ракета чабуулунан бир адам набыт болду


Павлоград шаары ракета чабуулунан кийин. 1-май, 2023-жыл.
Павлоград шаары ракета чабуулунан кийин. 1-май, 2023-жыл.

Украинанын Павлоград шаарына түн ичинде жасалган орусиялык күчтөрдүн ракета чабуулунан 25 адам жаракат алды, анын ичинде үч жаш бала бар. Бул тууралуу Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Телеграм каналына жазды.


Анын маалыматына караганда, ракеталардын жетөө Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Ракеталардан 19 көп кабаттуу үй, 25 жер там, алты мектеп менен бала бакча, беш дүкөн жабыркаган. Ракеталардын бири өнөр жай ишканасына тийип, өрт чыккан. Аймакта жалпысы болуп 40 үй кыйраганы кабарланууда.

Соцтармактарда Павлограддагы өрт чыккан жерден тасма тарап, анын курал-жарак сакталган кампа экени айтылат. Жарылуудан жакын жайгашкан үйлөрдүн айнектери талкаланганы да кабарланды. Азырынча маалыматты тактоо мүмкүн эмес.

Сергей Лысактын маалымдашынча, облустун Никопол аймагындагы аткылоодон бир адам набыт болуп, эки киши жаракат алды. Алты көп кабаттуу, алты жер үй, чарбалык обьекттер жабыркап, электр зымдары үзүлдү.

Бир күн мурун түндө Херсондо ракета чабуулунан бир тургун набыт болгонун жергиликтүү бийлик кабарлаган.

1-майга оогон түнү Орусиянын аскерлери Украинанын аймактарын 18 канаттуу ракета атып, анын 15и жок кылынганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный Фейсбук баракчасына жазды.

Орусиянын коргоо министрлиги ракеталык чабуул боюнча маалымат бере элек.

Акыркы суткада Орусиянын Украина аймагына жасаган ракеталык чабуулунан набыт болгондор 17 кишиге жетти. Алардын 15и Уман шаарынын тургундары, арасында эки бала бар экенин Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клименко билдирди. Андан тышкары, Днепрде бир аял эки жашар кызы менен набыт болду.

Эксперттер Украина контрчабуулга даярданып жатат дегенден бери Орусия абадан сокку урууну күчөткөнүн айтып жатышат. Орусиянын медиасы Коргоо министрлигине таянып, украин армиясынын 130дай позициясын бутага алганын кабарлады.

Бир жыл мурун Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш ачканы орус армиясы карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. Ошол эле маалда Украинанын калктуу конуштары, социалдык мекемелер бутага алынганы видеотасмалар, сүрөттөр көрсөтүп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG