Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Украинадагы согушка каршы чыккан актер Орусиядан чыгып кетти


Актер Артур Шуваловдун каршылык акциясы. Ал согушка каршылыгын билдирип, сахнада кан тамырын кесип жатат. Март, 2023-жыл.
Актер Артур Шуваловдун каршылык акциясы. Ал согушка каршылыгын билдирип, сахнада кан тамырын кесип жатат. Март, 2023-жыл.

Бурятиянын борбору Улан-Удэ шаарындагы орус драма театрынын артисти Артур Шувалов Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу "Сибирь.Реалии" Телеграм каналына жазды.

Маалыматта айтылгандай, актердун мындай кадамына бийликтин психикалык ооруканага жаткыруу аракети себеп болгон. Шувалов өлкөдөн кандай жол менен чыгып кеткени ачык айтылган эмес.


Артур Шувалов Орусиянын Украинага баскынчылыгын ачык сындап чыккан. Ал согуштан жарадар болгон орус аскерлеринин алдында сахнага чыгуудан баш тарткан. Ошондой эле өзү иштеген театрдан аскердик атайын операциянын энбелгиси болгон Z тамгасы жазылган желекти алып салган.

Быйыл мартта актер театр сахнасынан согушка каршылыгын билдирип, колунун кан тамырын кескен. Ал жетекчилик тарабынан басым болуп жатканын билдирген.

Орусия Украинага былтыр, 24-февралда кол салган. Орус бийлигинин бул кадамын сынга алган айрым маданият кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG