Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Кытайлык гроссмейстер Дин Лижэн - шахмат боюнча дүйнө чемпиону


 Дин Лижэн менен Ян Непомнящий Астанда өткөн чемпионаттагы таймашта
Дин Лижэн менен Ян Непомнящий Астанда өткөн чемпионаттагы таймашта

Кытайлык гроссмейстер Дин Лижэн шахмат боюнча дүйнө чемпиону аталды. Астанада өткөн дүйнөнүн биринчилигинде ал орусиялык гроссмейстер Ян Непомнящийди жеңди. 14 партиянын жыйынтыгында жеңүүчү аныкталбагандыктан чемпион тай-брейкте (ылдам жүрүштөр) белгилүү болду. Тай-брейктин төртүнчү партиясында гана Дин Лижэн жеңди. Ал кытайлык эркектерден биринчи жолу дүйнө чемпиону болуп калды.

Непомнящий таймашка бейтарап желек менен чыкты. Былтыр Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Дүйнөлүк шахмат федерациясы - ФИДЕ орусиялык спортчуларды мелдештерден четтетип салбаганы менен Орусиянын мамлекеттик эн белгилерин алып чыгууга тыюу салган. Гроссмейстер Украинадагы урушка каршы экенин билдирген.

2021-жылы өзбекстандык Нодирбек Абдусатторов Варшавада өткөн тез шахмат боюнча дүйнө чемпионатын жеңген. 17 жаштагы улан Магнус Карлес, Ян Непомнящий өңдүү белгилүү гроссмейстерлерден озуп чыккан. Чечүүчү тай-брейкте Абдусатторов Непомнящийди утуп алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG