Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

Кыргызстан Латвияда окуучу кыз сабалган окуя териштирилип жатканын билдирди


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Латвияда окуучу кыз сабалганы жөнүндө Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан маалыматтын чоо-жайы териштирилип жатканын бүгүн 30-апрелде билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул боюнча элчиликке да, ТИМге да эч ким арызданып кайрылган эмес, Латвиядагы кыргыз диаспорасы да эч маалыматы жок экенин айтууда.

“Мектеп директору менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө ал быйыл 15-февралда жогорку класста окуган кыздар тобу бир кызга психологиялык зомбулук көрсөтүшкөн окуя катталганын, кыз бир аз көгала болгонун билдирди, бирок кыздын улуту жана жарандыгы тууралуу маалымат берилген жок. Жабыркаган кыздын жарандыгын тактоо жана зарыл болсо ага жардам көрсөтүү маселеси министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө”, - деп билдирди ТИМ.

Бир нече күн мурда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө Рига шаарындагы жеке мектептердин биринде 9-класстын окуучусу сабалганы тууралуу видео тараган. Ал кыз кыргызстандык экени айтылган.

Кыргызстандын Беларустагы, Латвиядагы жана Эстониядагы элчилиги Беларустун борбору Минск шаарында жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG