Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:38

Тенгиз Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыкты


Тенгиз Бөтүрүк. Архивдик сүрөт.
Тенгиз Бөтүрүк. Архивдик сүрөт.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Мындай чечим бүгүн 30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук сотунда кабыл алынганын, аны абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч менен сотко прокуратура өзү кайрылганын, сот аны канааттандырганын шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу кармалганын 2022-жылы 13-сентябрда билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы жетекчини бошотуу өтүнүчтөрү буга чейин сотто бир нече жолу четке кагылган.

Анын жубайы Илмира Алпысбаева күйөөсүнүн абалы стресстин айынан начарлап жатканын өткөн айда билдирген. Ал Бөлтүрүк кылмыш кылбаганын, актыгын далилдеш үчүн калпты аныктоочу детектордон өтүүгө даяр экенин, ага каршы көрсөтмө берүү үчүн башкаларга басым жасалып жатканын айткан.

Канадалык инвестор “Центерра” менен чогуу иштетип келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына 2021-жылы алып, аны жетектөө укугу ага чейин канадалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келген Тенгиз Бөлтүрүккө берилген. Кийин ага "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин башкаруу укугу да ыйгарылган.

Өлкөнүн Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт боюнча жүз барактан турган отчетун жарыялаган. Анда кызматкерлердин эс алуусунан баштап кайрымдуулукка чейин коротулган эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип жазылган.

Аудиторлор 2022-жылдын май айларында Тенгиз Бөлтүрүк төрт баласынын жана жубайынын Канадага авиабилетин төлөп бергенин жазышкан. Ага 1 миллион 45 миң сом короп, бул боюнча отчет берилген эмес.

Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмерекке кеткен. Кеңсе эмерегин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн дээрлик 180 миллион сом коротулган.

Кечээ 29-апрелде прокуратуранын өтүнүчү менен Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев да үй камагына чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG