Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:56

Орусия Эл аралык олимпиада комитетинин сунушун "басмырлоочу" деп мүнөздөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык олимпиада комитетинин Орусиянын жана Беларустун спортчуларына эл аралык мелдештерге нейтралдуу макамда кайтуу тууралуу сунушун Орусия “чектен өткөн жана басмырлоочу” деп мүнөздөдү. Бул тууралуу 30-апрелде Орусиянын олимпиада комитети билдирди.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салган окуядан кийин эл аралык комитет аталган эки өлкөнүн спортчуларына санкция жарыялаган. Өткөн айда алар нейтралдуу макамда катыша берсе болору жөнүндө сунуш айтылган.

Нейтралдуу макам деген алар мелдештерге катыша алышат, бирок өз өлкөсүнүн мамлекеттик туусун жана гимнин көтөрүп чыга алышпайт дегенди түшүндүрөт.

Эл аралык олимпиада комитети 2024-жылдагы оюндарга Орусиянын жана Беларустун спортчулары боюнча өзүнчө чечим чыгарып, жарыялашы керек. Украина эгер ал оюндарга Орусия катышса бойкот жарыялай турганын билдирген.

Европанын айрым өлкөлөрү Орусияны жана Беларусту нейтралдуу макам менен да эч качан катыштырбоону талап кылышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG