Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

“Асман” шаарынын пайдубалы жакында башталары айтылды


Президент Садыр Жапаров "Асман" шаары курула турган жерде. 2023-жылдын 29-апрели.
Президент Садыр Жапаров "Асман" шаары курула турган жерде. 2023-жылдын 29-апрели.

Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылып жаткан “Асман” шаарынын пайдубалына капсула жакынкы мезгилде салынары пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 29-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусундагы бир катар социалдык-экономикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшү, анын ичинде “Асман” долбоору менен таанышты.

“Бул эко-шаарда алдыңкы санарип телекоммуникациялык технологиялар колдонулары айтылды”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Бийлик Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айылынын өйдө жагына 7-10 жыл аралыгында кеминде 500 миң жашоочуга ылайыкташкан экологиялык, заманбап шаар куруларын 2021-жылы жайында жарыялаган. Президент Садыр Жапаров долбоорду иштеп чыгууга кеминде 1,5 жыл кетерин, болжол менен 20 миллиард долларга бааланып жатканын, бюджеттен бир да тыйын коробой турганын, инвестор тартыларын айтып, “Эртеби-кечпи, бул шаар салына баштайт. Бул шаардын келечеги абдан чоң" деп билдирген.

Ошол эле жылдын сентябрында өкмөттө “Асман” шаарын куруу дирекциясы түзүлгөн.

Быйыл март айында долбоор бул дирекциядан президенттин иш башкармалыгына өткөнү маалым болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр сентябрда "Асманду" курууга байланыштуу жыйын өткөргөндө алгач 20 миңдей адамга ылайыкташкан шаарчадан баштоо керектигин айткан.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “"Асман" шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кире турганын эскертишкен. (RK/EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG