Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:37

Президенттик администрацияда бөлүм башчылары ротация болду


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Президенттик администрацияда кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн 29-апрелде мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин президенттин жана өкмөт башчынын чечимдерин экспертизадан өткөрүү бөлүмүн жетектеп келген Жетиген Бакиров эми алардын чечимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнө башчы болуп дайындалды.

Ал эми анын ордуна бөлүм башчы болуп Сүйүнтбек Аликеев барды.

Чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген Миргазы Исаков мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө башчы болду. Анын ордуна Жаныбек Жалалов дайындалды.

Кадрларды ротациялоо Президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында жүргүзүлгөнү кабарланды.

Кыргызстанда президенттин администрациясын өкмөт башчы жетектейт, анын курамында эки кызмат, эки бөлүм, бир катчылык, төрт башкармалык жана ошондой эле атайын өкүл деген эки кызмат бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG