Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:42

Нарын: Жети жаштагы окуучу кыздын өлүмүнө шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында жети жаштагы окуучу кыздын өлүмү иликтене баштады. Жергиликтүү милициянын маалыматына караганда, окуя 28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында болгон.

Наристе, ички иштер мекемеси билдиргендей, мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган, сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулган белгилер аныкталган.

Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шектелүүдө, ал мас абалында кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде кылмыш иши козголду.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын былтыр мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал алсыз балага кордук көрсөткөндөрдү эч аёосуз жазалоо керектигин, ошондой оор кылмыштарды жашырып-жапкандар, айрыкча укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыш жообунан тышкары калбашы керек экенин белгилеген.

Мамкатчы келтирген маалыматка караганда, ошол жылдын биринчи жарымында эле бала зордук-зомбулукка кабылган 500 факты катталган, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG