Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Крым: Дрон чабуулуна кабылган мунай базасындагы өрт өчүрүлдү


Севастополдогу өрт. 2023-жылдын 29-апрели.
Севастополдогу өрт. 2023-жылдын 29-апрели.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган бийлиги Севастополь шаарындагы мунай базасында тутанган ири өрт чектөөгө алынганын 29-апрелде билдирди.

28-апрелде аталган мунай базасына бир нече дрон чабуул койгону кабарланган.

Орусия бул үчүн Украинаны айыптоодо, украин тараптын расмий органдары комментарий берген жок.

Жалпысынан мунай сакталып турган төрт цистернада, эки миң чарчы метрдей жерге жайылган өрттү өчүрүүгө Крымдагы бардык болгон күч, Кара деңиз флотунун ресурстары да жумшалып жатканы айтылды.

Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.

Окуяга байланыштуу Крымда, Севастополдо террордук коркунуч эскертүүсү жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG