Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Борбор калаа Бишкек 145 жылдыгын белгилөөдө


Бишкек.
Бишкек.

Борбор калаа Бишкек бүгүн 29-апрелде 145 жылдыгын белгилөөдө. Бул датага карата уюштурулган салтанаттуу жыйын Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү, ага бийлик жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкек кирешеси жылдан жылга көбөйүп жаткан өнүккөн шаарга айланганын айтты:

"2022-жылы Бишкек шаарынын ички дүң өнүмүнүн көлөмү 367 миллиард сом болуп, жалпы республика деңгээлинде 40% түздү жана он жыл мурдагынан 2,7 эсе жогорулады. Фискалдык саясатты күчөтүүнүн негизинде өлкө боюнча 154 миллиард сом салык жыйналса, анын 82 миллиард сомун Бишкек камсыз кылды”.

Абдыкадыров бүгүнкү күндө Бишкектин тегерегинде 47 конуш бар экенин, аларды да өнүктүрүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын президент Садыр Жапаров да куттуктады.

Ал Бишкектин архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани берүү керектигин айтып, “Эгемен өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз!” деп убада кылды. Адегенде Пишпек, кийин Фрунзе аталган борбор калаа 145 жылдык тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан аймактан миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланганын белгиледи.

Бишкектин чечилбей келаткан көйгөйлөрү катары соңку жылдары экология маселеси, коомдук транспорт көйгөйү айтылууда.

"Азаттыктын" "Пишпек, Фрунзе жана Бишкек. Борбор калаага 145 жыл" сүрөт репортажын бул жерден көрсөңүздөр болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG